Жаңылыктар
Жарым жыл ичинде өлкө 418,9 тонна помидорду экспорттогон
Кыргызстан жаңылыктары
Жарым жыл ичинде өлкө 418,9 тонна помидорду экспорттогон

Анын жалпы суммасы 175,5 миң долларды түзөт. Анын ичинен Казакстанга 152,3 миң долларга 256,8 тонна, Орусияга 23,2 миң долларга 162,1 тонна сатылган. 

Бирок 2023-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга 8 миллион 829,3 миң долларлык 15 миң 708,1 тонна помидор импорттолгон. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет. Былтыркыга салыштырмалуу көрсөткүч 3,7 миң тоннага азайган. Помидордун көбү Түркмөнстандан, Өзбекстандан импорттолгон. Казакстан, Иран, Түркия, Кытайдан дагы помидор сатып алынган.