Жаңылыктар
“Бедел” аркылуу үчүнчү чек ара өткөрмө жай ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
“Бедел”  аркылуу үчүнчү чек ара өткөрмө жай ачылат

Жакынкы убакта Кыргызстан менен Кытай “Бедел” ашуусу аркылуу үчүнчү чек ара өткөрмө жайын ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районуна болгон жумуш сапарынын алкагында Синьцзянь соода-логистикалык корпорациясынын жетекчиси менен болгон жолугушууда билдирди. Бул багытта эки мамлекеттин лидерлери да өз ара макулдашууга келген. 

Муну менен катар Акылбек Жапаров Кыргызстан күн, шамал станцияларын курууда, электромобилдерди сатып алууда, соода-логистика борборун ачууда жана башка тармактарда кызматташууга даяр экенин айтты.