Жаңылыктар
Садыр Жапаров Венгрияга иш сапары менен барат
Кыргызстан жаңылыктары
 Садыр Жапаров Венгрияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн 20-августта Будапешт шаарына иш сапары менен барат. Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. 

Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара карым-катнаштын келечегин талкуулашат.