Жаңылыктар
Өлкө аймагында аба-ырайынын температурасы кескин төмөндөйт
Өзгөчө кырдаал
Өлкө аймагында аба-ырайынын температурасы кескин төмөндөйт

Өзгөчө кырдаалдар министлигинин маалыматына караганда бүгүн өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөйт. 

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба жумуштарын аткарууга терс таасирин тийгизип, жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 

Ошондой эле унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине дагы тоскоолдуктарды пайда кылат. 

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдордо кар күрткүсү болоору күтүлөт. Мындан улам айдоочулар сапарга чыгаарда кышкы дөңгөлөктөрүн алдын ала камдап, түрдүү кыйынчылыкка даяр болушу керек деп эскертишет.