Жаңылыктар
Алысты жакындаткан альтернативдүү жол
Кыргызстан жаңылыктары
Алысты жакындаткан альтернативдүү жол

2014-жылы башталып, ортодон коррупциялык жагдайлар аралашкан деген кине менен кечеңдеп келген Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу акыркы 2 жылда жанданган. Ушул тапта жолдун эки жеринде асфальт төшөлүп, келерки жылда колдонууга берүү пландалууда. 

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативдүү жолду куруу иштери Жалал-Абад облусунун Казарман айылынан башталса, бүткөн жери мына бул Балыкчы менен Кочкорду бириктирген аралыктагы жолго келет. Ушул тапта 40тан ашык акыркы үлгүдөгү заманбап техника, 120га чукул жумушчу тынбай иштеп, жакынкы 2 айда толук бүткөрүү аракети көрүлүүдө. 

Буга чейин Бишкек - Ош жолу ондогон жылдардан бери Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган бирден-бир унаа жол катары кызмат кылып келди. Бул аралыкта аймакта ары-бери каттагандардын саны өсүп, кыймыл көбөйгөн. Өлкө ичинде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуу максатында, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурунда Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун түзүү зарылдыгы пайда болду. Эми болсо 9 жыл мурда башталып, бүтүндөй бир мамлекеттин эки четин башка тарабынан байланыштыруучу автожолду куруу аягына чыгайын деп калды. 

Ош-Бишкек жолуна альтернатива катары курулуп жаткан Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Жолдун ар бир чакырымына орточо эсеп менен 1 миллион 617 миң доллар жумшалууда. Бул ири долбоордун болжолдуу наркы 850 миллион долларга бааланганы айтылган эле. Ири курулушту кытайлык China Road компаниясы ишке ашырууда.