Жаңылыктар
Соцконтракт: Каражат кайда жумшалып, кандай иштер аткарылууда?
Кыргызстан жаңылыктары
Соцконтракт: Каражат кайда жумшалып, кандай иштер аткарылууда?

Мамлекеттик “Социалдык контракт” программасынын алкагында 100 миң сомдон алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ар биринин ишинин натыйжалуулугу көзөмөлдө. Быйыл мындай мүмкүнчүлүккө 10 миң үй-бүлө ээ болгон. Бул максаттарга 1 млрд 36 млн сом бөлүнгөн. Каражат кайда жумшалып, кандай иштер аткарылууда? 

“Социалдык контракттын” алкагында аярлуу үй-бүлөлөр киреше алып келүүчү ишти баштоо үчүн каржылык сабаттуулук боюнча окутулуп, бизнести өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү колдоо пакети менен бирге акчалай грант алышат. Долбоор бизнес-идеялары бар улуттук жакырчылык чегинен төмөн жашаган үй чарбаларына багытталган. Ага катышуу ниетин 11 255 үй-бүлө билдирген. Анын ичинен 10 миңине колдоо көрсөтүлдү.