Жаңылыктар
Бишкек шаардык милициясынын башчысы алмашты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаардык милициясынын башчысы алмашты

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев кызматынан алынып, анын ордуна Азамат Токтоналиев дайындалды. 

Тийиштүү буйрукка министр Улан Ниязбеков кол койгон. Азамат Токтоналиев буга чейин Талас блустук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган. Эске салсак, ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы тууралуу кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында 18 жетекчи тартиптик жазага тартылган. Алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулган.