Жаңылыктар
Кыргызстан - Кытай: 1 млрд долларлык келишим
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Кытай: 1 млрд долларлык келишим

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунда 1 миллиард доллардан ашык суммага келишимдерге кол коюлду. "ЭКСПО: товарлар жана соода — 2023" Кытай — Евразия көргөзмө-жарманкеси Кытайдын Үрүмчү шаарында өтүп жатат. Ал 21-августта жыйынтыкталат. 

Ага 32 өлкөдөн 1 300 компания жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, ошондой эле айыл чарба тармагы боюнча катышууда. Жалпысынан жарым миллиард юандык келишимдерге кол коюлганы белгилүү болду. Анын ичинен кыргызстандык компаниялар бал (суммасы 500 миллион сомдон жогору), эт (100 миң тонна) жана балык продукцияларын сатууга макулдашкан.

Бул көргөзмөгө катышуунун негизги максаты — кыргыз товарларын Кытайдын рыногунда жайылтуу.