Жаңылыктар
Борбор калаадагы май сакталган кампадан өрт чыкты
Өзгөчө кырдаал
Борбор калаадагы май сакталган кампадан өрт чыкты

Бишкек шаарынын Лев Толстой менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги май сакталган кампадан өрт чыкты. 

Кырсык болгон жердеги жагдайды өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов өзү көзөмөлгө алды. 

Министрдин айтымында өрт күйүүчү жана майлоочу каражаттар сакталган кампада чыккан. Жапа чеккендер жок. 

Майды суу менен өчүрүүгө мүмкүн болбогондуктан, көбүк менен өчүрүү аракети жүргүзүлдү. Өрт чыккан жерге шаардагы бардык өрт өчүрүүчү техникалар тартылып, милиция менен бирге тез жардам кызматкерлери да күзөттө турат. Өзгөчө кырдаалдар минисрлигинин басма сөз кызматынын акыркы билдирген маалыматында өрт толугу менен өчүрүлгөн.