Жаңылыктар
Көк бөрү: «Ынтымак» командасы дүйнө чемпиону болду
Кыргызстан жаңылыктары
Көк бөрү: «Ынтымак» командасы дүйнө чемпиону болду

Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча клубдар арасындагы эл аралык кубокту Кыргызстандын «Ынтымак» командасы утту.

Мелдештин финалында Кыргызстандын «Ынтымак» менен Казакстандын «Астана» командасы ойноду. «Ынтымак» атаандаштарын 10:1 эсебинде жеңди. Ошентип биринчи орунга «Ынтымак», экинчи орунга «Астана» командасы татыды.

Бул эл аралык мелдеште үчүнчү орунду Кыргызстандын көк бөрү боюнча дагы бир күчтүү командасы «Достук» ээледи. Алар казакстандык «Түркстан» командасын 11:3 эсебинде утту.