Жаңылыктар
Жол кирени накталай алуу токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Жол кирени накталай алуу токтотулду

Бишкекте бүгүндөн тарта троллейбус жана автобустарда жол киреге накталай төлөм токтотулуп, Тулпар картасы аркылуу жүргүзүлө баштады.

Карта менен төлөөдө түшүнбөй, нааразы болгондор да жок эмес. Айрымдары бул система ыңгайлуу десе, айрымдарынын карта алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтышууда.

Бул система бир гана муниципалдык транспортторго тиешелүү. Максаты санариптештирүү жана коомдук транспортту жакшыртуу менен бирге шаар тургундарына ыңгайлуулуктуу жана мобилдүүлүктү түзүп берүү.