Жаңылыктар
Талас: Күзгү түшүм жыйналууда
Кыргызстан жаңылыктары

Талас облусунда азыр дан эгиндерин оруп жыйноо иштери уюшкандыкта жүрүүдө. Түшүмдү коромжусуз жыйнап алууга жыйырмадан ашык комбайн тартылган.Көк-Ой айылынын тургуну Кудайберген Бөлөкбаев беш гектар жерден буудайын жыйнап жатат. Жазында Россиядан келген сапаттуу үрөндү айыл өкмөттөн килограммын 65 сомдон үч жылга насыяга алган. Бирок, кургакчылыкка байланыштуу суу тартыш болуп, түшүм мурдагы жылдарга салыштармалуу азыраак экенин айтат. Дыйкан болгону чыгымымды актаса деп турат.

Жалпы Талас району боюнча 3700 гектарга жакын аянтка кылкандуу дан эгиндери себилген. Учурда район боюнча оруп жыйноо иштери 35 пайызга аяктап калды. Облуста жыйым сентябрь айына барып аяктайт.

“Жылдан жылга кылкандуу эгинди быйыл саал кыйынчылык жетшкенге ойдөңкү зонаны чаап калчу элек жылдагыдан саал тартыш болуп жатат.

Ысык-Көл облсунда да оруп-жыйноо жумуштары кызуу жүрүп жаткан маал. Быйыл Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагында 600 гектарга арпа, 1300 гектар жерге буудай 200 гектарга күздүк буудай себилген. Бул аймакта айдоо жерлеринде сугат суудан маселе жаралбайт. Бирок аптаптуу күндүн ысыгынан улам, айрым дан эгиндери күйүп кеткен, мындан улам түшүмдүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу азыраак.

Теплоключенка айылынын тургуну Талант 2 гектар жерге арпа эгип, андан 8 тоннага жакын түшүм алууда. Эгин чабууга керектелүүчү күйүүчү майдын литрин 67 сомдон сатып алган. Бир апта мурда солярканын баасы мындан да кымбат болчу. Бирок, Минитсрлер Кабинети тарабынан көрулгөн тиешелүү чарлардын натыйжасында 67 сомго түшкөн. Дыйкандарга бирок, бул баа деле кымбат экенин айтат.