Жаңылыктар
Акыркы 3 жылда республика боюнча 1000 чакырымдан ашык жол оңдоодон өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Акыркы 3 жылда республика боюнча 1000 чакырымдан ашык жол оңдоодон өттү

Кыргызстанда автоунаа жүрүүчү жолдун жалпы узундугу 34 миң чакырымды түзөт. Анын 4163 чакырымы эл аралык мааниде болсо, 5678 км республикалык, 8969 чакырымы жергиликтүү деңгээлде. Алардын ичиннен 7228 км жолго асфальт, бетон төшөлгөн. Бирок анын басымдуу бөлүгүнүн абалы начар.

Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок тоолуу өлкө Кыргызстан үчүн автомобиль жолдорунун жашоо-тиричиликтеги ролу баа жеткис. Тармак туруктуу социал-экономикалык өнүгүүнүн, аймактар аралык жана эл аралык байланыштарды чыңдоонун олуттуу фактору болуп саналат. Акыркы жылдары мамлекет автомобиль жолдорду курууга жана реконструкциялоого миллиарддаган каражаттарды бөлүүдө. Натыйжада акыркы 3 жылда республика боюнча 1 000 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдоодон өттү.

Тармактагы ири долбоордун сап башында Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу турат. 2014-жылы башталып, ортодон коррупциялык жагдайлар аралашкан деген кине менен кечеңдеп келген жол куруу иши акыркы 2 жылда кайра жанданган. Ушул тапта жолдун эки жеринде асфальт төшөлүп, келерки жылда колдонууга берүү пландалууда.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Эпкин-Башкууганды участогу. Азыр жолдун бүтө элек бөлүгү дал ушул жер эле калды. Көрүнүп тургандай мындагы эски асфальтты ченеп көрөлү, 6 метрдин тегерегинде. Ал эми ири жолду куруу учурунда аралык дагы 6-7 метрге чейин кеңейтилип, жалпы жонунан жолдун туурасы 15 метрди түзөт.

Ош-Бишкек жолуна альтернатива катары курулуп жаткан Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Жолдун ар бир чакырымына орточо эсеп менен 1 миллион 617 миң доллар жумшалууда. Бул ири долбоордун болжолдуу наркы 850 миллион долларга бааланганы айтылган эле. Ири курулушту кытайлык China Road компаниясы ишке ашырууда.

Мындан сырткары ушул тапта республикалык бюджеттин эсебинен жол жаатында ишке ашырылып жаткан ири долбоорлорго токтоло кетели.