Жаңылыктар
Кыргыз - өзбек кызматташтыгын арттыруу
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - өзбек кызматташтыгын арттыруу

Эки өлкөнүн карым-катышын арттырууга, ар тараптуу алакаларды бекемдөөгө көп тармактарда мүмкүнчүлүктөр жогору. Арасында коңшу мамлекеттерди бир аянтка бириктирип кызыктырган бир катар ири стратегиялык долбоорлор бар. Эки сааттан ашык созулган тар чөйрөдөгү жолугушуунун өзөгү да мына ушул келечектеги ири пландарды ишке ашыруу болду. Жыл башынан бери эле 50дөн ашык биргелешкен жолугушуулар, кыргыз-өзбек жергесинде бир топ иш-чаралар өткөн. Андагы сүйлөшүүлөрдүн айрымдары жыйынтыгын бере баштады.

Жакын жайгашкандыктан айыл-чарба, билим берүү, экономика, соода, социалдык багыттар боюнча чогуу иш алып барууга болот. Дал ушул маселелерди эки тараптын бир топ министрлери кеңейтилген жыйында талкуулады. Анда экономикага басым жасалып, биргелешкен долбоорлордун пайдалуу жактары талкууланды. Жыл башынан бери соода жүгүртүүнүн көлөмү 13,3%га өсүп, 215,8 млн доллар болду.

Учурда “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жол долбоорунун техникалык иликтөөсү уланууда. Бул долбоор эгемендик жылдардан бери талкууланып, анда бери бир нече президенттер алмашып, азыркыга чейин ишке ашпай келген. Былтыр ШКУнун алкагында Самаркандда 3 тараптуу келишимге кол коюп, тарыхый долбоордун алгачкы кадамдары арышталган. Темир жол курулуп бүтсө Борбор Азия мамлекеттеринин Европага чыгуусуна ыңгайлуу жол ачылат.

Ошондой эле, “Камбар-Ата 1” ГЭСин биргелешип куруу да негизги пландардын бири. Акыркы жылдары климаттын ысышы менен суу тартыштыгы көйгөй жаратып турганда ГЭСтин курулушу жүздөгөн жылдар бою чөлкөмдү суу менен камсыздамак. Өзбекстан бул эки долбоорго тең олуттуу салым кошум, экономикалык багытта тыгыз кызматташууга кызыкдар. Учурда Өзбекстанда кыргыз капиталы менен 300 дөн ашык компания иш алып барат. Бул арада кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду 16 млн долларлык он ири долбоорду каржылады.

Эки жыл мурда баштапкы капиталы 50 млн доллар менен түзүлгөн фонд келечекте ишкерлерди колдоону 200 млн долларга чейин жеткирүүнү көздөйт. Азыркы тапта Кыргызстандагы ата-мекендик ири компаниялар фонд менен тыгыз кызматташууда. Улуттук суусундуктарды чыгарган ишкана жүк ташуучу чакан унааларды кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунан алган. Жеңилдетилген лизингдин мөөнөтү үч жыл, төлөө шарттары жеңил жана кошумча күрөө талап кылынбайт.

Жалаң эле соода-сатык, экономикалык кызматташтыктан сырткары тектеш бир мейкиндеги түрк тилдүү элдер билим берүү маданият тармагында да кызматташып тарыхы бир элдин келечек муундарын бири-биринен тажрыйба алышкан коңшулук эл катары таанытууга кызыкдар. Өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отурумунда билим берүү багытын биргеликте өркүндөтүү боюнча да сүйлөштү. Анда ЖОЖ аралык ректорлордун жыйынын Ошто өткөрүү, илимий жаатта байланышты бекемдөө жана жаштарды өнүктүрүү пландары айтылды.