Төө-Ашуу туннелиндеги жол кырсыктан төрт киши каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Бишкек-Ош унаа жолундагы туннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаанын тормозу кармабай, 3 жеңил унаа менен сүзүшкөн.
Жыйынтыгында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү: ата-энеси жана эки баласы каза болгон.
Дагы бир нече киши жабыркап, алардын алтоо Бишкектеги №4 травматологиялык ооруканасына, калгандары Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди.