Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары чек араны тактоо иштери үчүн геодезиялык түйүндү түзүүнү макулдашты.
Бул Чолпон-Ата шаарында 13нөн19-августка чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын жыйынында макулдашылды. Жыйындын соңунда тийиштуу протоколго кол коюлду.