Жаңылыктар
Кыргыз-кытай бизнес форумунда 1 млрд доллардан ашуун суммадагы келишимдерге кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-кытай бизнес форумунда 1 млрд доллардан ашуун суммадагы келишимдерге кол коюлду

Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунда 1 млрд доллардан ашуун суммадагы келишимдерге кол коюлду. 

Алардын катарында энергиянын жаңы булактарын пайдалануу менен автобустарды жыйноочу заводду куруу үчүн өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум, Кыргызстанда күн электр станцияларын куруу долбоорлорун ишке ашыруу, Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу ниети жөнүндө келишим; "Эркечтам" кыргыз-кытай чек арасына жакын жерге ленталуу конвейер менен көмүр логистикалык борборун биргелешип куруу, «Ак-Улак», «Беш-Бурхан», "Каракабак-Балыкты", "Тегене","Торугарт", «Сүлүктү 11 талаа» көмүр кендерин биргелешип иштетүү ниети тууралуу келишим; "Торугарт" кыргыз-кытай автомобиль чек арасына жакын жерде көмүр логистикалык борборун биргелешип куруу; Ош мамлекеттик университети менен Шихэцзы университетинин ортосундагы кызматташуу келишими; Кыргызстандан бал, эт, балык экспорттоо жөнүндө макулдашуу, ж.б документтерге кол коюлду.