Жаңылыктар
Мектеп директорлор менен орун басарларынын айлыгы көбөйөт
Кыргызстан жаңылыктары
Мектеп директорлор менен орун басарларынын айлыгы көбөйөт

1-сентябрдан тартып мектеп директорлорунун жана директордун орун басарларынын кызматтык маяналары 50%га жогорулайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын, атайын мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын директорлорунун жана директорлорунун орун басарларынын кызматтык маяналары 50%га жогорулатылды. Алардын эмгек акысын жогорулатуу үчүн жылына 549 млн сом, 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта 183 млн сом талап кылынат. Маселен, 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облусунун айылдарынын бириндеги 100-600 окуучу билим алган мектептин 13 жылдан ашык эмгек стажы бар директору мурда 19 миң 143 сом айлык акы алса, эми 28 миң 715 сом маяна алат. Ал эми 13 жылдан ашык стажысы бар ушул мектептин директорунун орун басары буга чейин 17 миң 413 сом алса, мындан ары маянасы 26 миң 120 сом болот. 15 жылдан ашык эмгектенген мектептин директору айлык жогорулатылганга чейин 23 731 сом алса, эми маянасы 35 597 сомго жетет. Ал эми 15 жылдан ашык стажы бар мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан тарта мурда төлөнүп келген 21 360 сомдун ордуна 32 040 сом маяна акы алат.