Жаңылыктар
Бишкектеги аялдамалардын аймагы аймагы көрктөндүрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги аялдамалардын аймагы аймагы көрктөндүрүлүүдө

Бишкектегит аялдамалардын аймагы аймагы көрктөндүрүлүүдө. Буга чейин пилоттук долбоордун негизинде Байтик Баатыр жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде аялдама комплексинде көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Унаа жолу кеңейтилип, коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке жасалып, тосмолор орнотулду. Учурда Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишиндеги аялдама комплексинин курулуш иштери башталды. Жолдун кеңейиши менен коомдук транспорттор үчүн дагы бир тилке пайда болот жана аялдама комплекси ыңгайлуу жерге көчүрүлөт. Бригада эски бордюрларды демонтаждап, учурда жаңы жол бордюрларын орнотуп жатат. Ошондой эле Манас проспектиси, Чүй проспектиси, Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрү боюнча да курулуш иштерин баштоо пландаштырылууда. Белгилей кетсек, жаңы аялдамалар бардык жарандарга, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга да ыңгайлуу болот.