Жаңылыктар
"Тулпар" картасы: экинчи күнүндө жол кире 90 миң ирет төлөндү
Кыргызстан жаңылыктары
"Тулпар" картасы: экинчи күнүндө жол кире 90 миң ирет төлөндү

Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай эмес төлөмдөргө толук өтүүнүн экинчи күнүндө "Тулпар" картасы менен жол кире 90 миң ирет төлөндү. 

Жүргүнчүлөр "Тулпар" картасы менен камсыз болуу үчүн 30-сентябрга чейин акция жүрүүдө, тагыраак айтканда, карта 30 сомдон сатылууда. Мэриянын маалыматы боюнча, жол кирени банктык карта, мобилдик капчыктар аркылуу да төлөөгө мүмкүнчүлүк бар. Күнүнө 135 троллейбус, 140 автобус чыгат. Алардын баарында накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуучу - валидаторлор орнотулган.