Жаңылыктар
Тажик тараптын кол салуусунда күйүп кеткен тоок ферма калыбына келтирилүүдө
Туризм
Тажик тараптын кол салуусунда күйүп кеткен тоок ферма калыбына келтирилүүдө

Баткен шаарында 40 миң тоокко ылайыкталган ферма ачылуу алдында турат. Фермадан облус башчысы Абдикарим Алимбаев кабар алды. Учурда ферманын курулушу, жабдууларын орнотуу иштери дээрлик аяктаган. 

Жабдуулар Түркиядан алынып келинген. Иш процесси заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган ыкмада жүрөт. Жакынкы күндөрү алып келинет. Ферма пайдаланууга берилсе күнүнө 35 миңге жакын жумуртка өндүрүлүп, жалпы 15 жумушчу орун түзүлөт. Продукцияны экспортко чыгаруу мерчемделди. Белгилей кетсек, тоок ферманы куруу үчүн ишкер Адилет Абдувалиевге мамлекет тарабынан 30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген. Эске салсак, ишкер Адилет Абдувалиевдин атасы Матиса Надиров Баткен районунун Ак-Сай айылында алгачкылардан болуп тоок фермасын ачып, Баткен аймагын жумуртка менен камсыздап турган. Ишкердин фермасы 2022-жылдын сентябрь айында тажик тараптын куралдуу кол салуусунда өрттөлүп, өзү каза болгон. Атасынын ишкердигин кайра калыбына келтирүүнү максат кылган уулу Адилет Абдувалиев алты ай аралыгында жаңы ферманы түзүүгө жетишти.