Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасында 400дөн ашык жүк ташуучу унаа кезекте турат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-казак чек арасында 400дөн ашык жүк ташуучу унаа кезекте турат

Кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунун алдында топтолгон унааларлдын саны 430га жакын. Бул маалыматты Чек ара кызматы билдирди. 

Ошол эле учурда акыркы суткада Казакстандан Кыргызстанга 274 унаа өткөн. Эскерте кетсек, Кыргызстандын Чек ара кызматы тарабынан эч кандай чектөө киргизилген эмес жана өткөрүү пункту күнүмдүк режимде иштеп жатат. Азырынча казак тарап унааларды эмне үчүн өткөрбөй жатканы боюнча так маалымат бериле элек. Кечээ бир суткада болгону Кыргызстандан Казакстанга 3 гана жүк ташуучу унаа өткөн.