Жаңылыктар
Сентябрдан тарта унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Сентябрдан тарта унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып салынат

Сентябрдан тарта унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

Мыйзамга ылайык, салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат. Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир жана үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салыкты төлөө зарыл. Салыктарды өз убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом административдик айып салынат.