Жаңылыктар
Сыдыкбекова: алган сыйлыгым "Биринчи радионуку" деп билем
Маданият
Сыдыкбекова: алган сыйлыгым "Биринчи радионуку" деп билем

Президент Алмазбек Атамбаев ата мекендик журналистиканын өнүгүшүнө зор салым кошкан Жалпыга Маалымдоо Каражаттарынын кызматкерлерин 7- ноябрь Улуттук басма сөз жана маалымат күнү менен куттуктады. 

Мамлекет башчынын колунан кесиптешибиз, ” Биринчи радионун” башкы редактору Таалайгүл Сыдыкбекова кол саат  тагынды.  

Белгилей кетсек “ Биринчи радио” суткасына 18 саат эфирдик убакытты камсыз кылып, ар жарым саат сайын коомчулукту жаңылыктар менен кабардар кылып, саясат, экономика, социалдык маселелерди камтыган түз эфирлерин обого алып чыгууда. 

Андан тышкары тармактык  программалар даярдалууда. Убакыттын агымынан алдыга озунуп, чыгармачылык менен эмгектенген” Биринчи радионун” башкы редактору менен кабарчыбыз Назира Молдокулова маектешти. Аны төмөндө жайгашкан аудио аркылуу укса болот.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"