Жаңылыктар
Эл аралык соода байланышын кеңейтүү
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык соода байланышын кеңейтүү

“ЭКСПО Кытай - Евразия: товарлар жана соода - 2023” көргөзмөсүнө катышуунун жыйынтыгында Кыргызстандын өкүлдөрүнүн тобу “Мыкты делегация” сыйлыгынын ээси болушту. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди. 

«Бул таануу өлкөнүн дүйнөлүк аренада мыкты өкүлчүлүгүнүн чагылдырылышы жана Кыргызстандын эл аралык соода байланыштарын кеңейтүү боюнча жигердүү жана натыйжалуу иштеп жаткандыгынын далили», - деп баса белгиледи министрлик. 

Экономика министрлиги көргөзмөнүн алкагында Кыргызстандын ишканалары эл аралык соода тармагында маанилүү жыйынтыктарга жетишкенин белгилейт. Товарларды, анын ичинде эт жана андан жасалган азыктарын, балык, ошондой эле табигый балды экспорттоо боюнча келишимдер жана макулдашуулар ийгиликтүү түзүлдү. Жалпысынан 500 миллион сомго бал, 20 миң тонна балык жана 100 миң тонна этти экспорттоо боюнча келишимдерге жетишилди.