Жаңылыктар
Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык “Ак-Тилек-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктуна жардам чатырлары тигилди
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык “Ак-Тилек-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктуна жардам чатырлары тигилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык “Ак-Тилек-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктуна чогулган жүк ташуучу унаалар жайгашкан жерге жардам чатырлары тигилди.  Мында айдоочуларга медициналык, психологиялык жардамдарды жана ар кандай кеңештерди берүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулган.

Бул багытта МинКаб Төрагасынын тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү иш алып барууда.Бүгүн, 22-августта аталган жерде Чүй облусу боюнча жарандык коргонуу комиссиясынын облустук жыйыны дагы өттү.

Кошумчалай кетсек, учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, тез бузулуучу жүктөрдү ташыган унаалардын өтүүсүнө шарттар түзүлүүдө.