Жаңылыктар
Өлкөдө ичеги-карын инфекциясы көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө ичеги-карын инфекциясы көбөйдү

Кыргызстанда соңку 7 айдын ичинде ичеги-карын инфекциясынын 16528 учуру катталган. Бул тууралуу оорулардын алдын алуу департаменти билдирди. Былтыр ушул эле аралыкта 15528 учур катталган. Ооругандардын 85% 14 жашка чейинки балдар. Ичеги-карын ооруларынын пайда болушунун негизги себеби жеке гигиенаны сактабагандыкка байланыштуу. Андыктан илдеттин алдын алууда жеке гигиенаны сактоо чоң мааниге ээ. Дааратканага баргандан кийин жана тамактанардан мурда колду самындап жууп, жуулбаган мөмө-жемиштерди, жашылчаларды жебеш керек. Тез татымдардан тамактануудан оолак болуп, тез бузулуучу азыктарды муздаткычта сактоо зарыл.

Оорунун алгачкы белгилери: алсыздык, баш оору, ысытма, кусуу, ичтин оорушу жана өтүүсү. 

“Ичеги инфекциялары абдан кооптуу. Ал организмдин суусуздануусуна алып келет. Жогорудагы белгилер байкалган учурда бейтап ооруканага кайрылып, бир гана дарыгердин көрсөтмөлөрүнөн соң, дарыланууну баштоосу керек” - дейт адистер.