Жаңылыктар
Окуу китептеринин ижара акысы 25 сом деп бекитилди
Кыргызстан жаңылыктары
Окуу китептеринин ижара акысы 25 сом деп бекитилди

"Кыргызстандын мектептериндеги окуу китептеринин ижара акысы 25 сом деп бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди. Окуу китебинин ижара акысын төлөө мөөнөтү 2023-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген. Мектептерде окуу китептеринин ижара акысын киргизүү жаңы китептерди сатып алууга шарт түзөт. Ижара акы бир окуу китебинин баасы 125 сом болуп турганда белгиленген. Беш жылдык ижара акысы окуу китебинин баасын толугу менен актайт деп болжолдонду", - деп айтылат маалыматта.