Жаңылыктар
"Тулпар" картасы автобус, троллейбустарда сатылууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Тулпар" картасы автобус, троллейбустарда сатылууда

Үч күндүн ичинде Бишкекте коомдук транспортто жүрүү акысын төлөө үчүн 80 миңден ашуун Тулпар картасы сатылды. Бул маалыматты мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу кечээ карталар жок калган, бүгүн стандарттуу көк карталарды жеткирүү иштери жүрүп жатат. 

Бардык автобус жана троллейбустарда сатылууда. Жүргүнчүлөр "Тулпар" менен камсыз болуу үчүн 30-сентябрга чейин акция жүрүүдө, тагыраак айтканда, карта 30 сомдон сатылып жатат. Мэриянын маалыматы боюнча, жол кирени банктык карта, мобилдик капчыктар аркылуу да төлөөгө мүмкүнчүлүк бар.