Жаңылыктар
“Ак-Тилек-автожол” жана “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайларындагы абал
Кыргызстан жаңылыктары
 “Ак-Тилек-автожол” жана “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайларындагы абал

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынын алдында Кыргызстандан чыкканга 493 унаа турат, “Кең-Булуң-автожол” пунктунда 146 жүк ташуучу машина турат. Кечээки Кыргызстандан Казакстанга 112 транспорт каражаты чыккан. Кыргыз тараптан өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат. 

Эскерте кетсек, Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын алдында жардам көрсөтүү жай катары чатырлар тигилген. Ал жактарда айдоочуларга жана жүк ташуучуларга зарыл болгон жардамдар көрсөтүлүүдө. Ошондой эле ысык тамак уюштурулган.