Жаңылыктар
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Криминалдык чөйрөдө “Мокинтош” каймана аты менен белгилүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон Майрамбек Мусадаров кармалды. Ал 2020-жылы Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, кыргыз жаранынан 5000 доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражатын жана Ауди С4 үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. 

Бирок акырында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин Көлбаевге өткөрүп берген. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” беренеси менен катталган. Ал убактылуу кармоочу жайына киргизилди.