CASA-1000 долбоору Кыргызстан менен Афганистандын ортосунда энергетика тармагында эки тараптуу кызматташууну чыңдоого шарт түзөт. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Афганистан Ислам Республикасынын Аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла менен жолугушууда белгиледи.
Эске салсак, долбоорду ишке берүү мөөнөтү 2019-2020-жылдарга белгиленген.
Аталган ири энергетикалык долбоордун Кыргызстан үчүн мааниси кандай болору кийинки материалда баяндалат. Аны аудио аркылуу укса болот.
Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"