Жаңылыктар
Суу боюнча кошуна тараптын расмий дооматы жок
Кыргызстан жаңылыктары
Суу боюнча кошуна тараптын расмий дооматы жок

Киров суу сактагычынан суу берүү токтотулгандан кийин казак тараптын Кыргызстанга эч кандай дооматы болгон жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев журналисттерге маалымат берип жатып билдирди. 

Айтымында ал кечээ эле казакстандык кесиптештери менен сүйлөшкөн. Белгилей кетсек, буга чейин кошуна тарап Киров суу сактагычынан өздөрүнүн суу лимитин 5-августка чейин алуу каалоосун билдиришип, расмий маалымат боюнча ал план 103 пайызга аткарылган. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин резервуардан 323,3 миллион метр куб суу берилген.