Кыргызстанда, балдар арасында онкологиялык жана онкогематологиялык оорулардын саны өсүүдө. Былтыр жыл аягында 180 жаңы учур катталса, 2021-жылы 120, 2020-жылы 140 учур катталган. Илдетти диагностикалоо жакшыргандыктан, ооруну аныктоо көрсөткүчү жогорулоодо дешет адистер.