Бостери айылында жигиттин өлүмүнө байланыштуу ИИМдин атайын багыттагы полкунун дагы эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Буга чейин Талас облусунан барган эс алуучунун өлүмүнө байланыштуу атайын багыттагы полктун үч милиция кызматкери кармалган. Кармалгандардын бирөөсү ротанын командири, экөө катардагы кызматкер. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.
Эске салсак, 5-августтан 6-августка караган түнү Ысык-Көлдө 23 жаштагы жигит каза болгон. Жигиттин сөөгү таңга жакын пансионаттын суу жээгинен табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшү коомчулукта чоң талкууну жаратып, бир нече күндөн кийин гана кылмышка шектүүлөр кармалган.