Жаңылыктар
Эми окуучулар башка класска өтүп жатканда мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырат
Дүйнө
Эми окуучулар башка класска өтүп жатканда мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырат

Эми окуучулар башка класска өтүп жатканда мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырат. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиядан билдиришти. 

Бул шарт «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамда каралган. Анда жалпы билим берүү уюмдарында класстан класска өтүү үчүн жазуу жана оозеки экзамендери, ал эми башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында кыргыз тилинен кирүү жана бүтүрүү экзамендери милдеттүү түрдө киргизилип жатканы айтылат. Угуусу начар балдарды окуткан адистештирилген мектептерде орусча жаңсоо тилинде окутууга уруксат берилет.