Жаңылыктар
“Ынтымак” телеканалы УТРКнын курамына өттү
УТРК жаңылыктары
“Ынтымак” телеканалы УТРКнын курамына өттү

“Ынтымак” коомдук-аймактык телерадио компаниясы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен Улуттук телерадиоберүү корпорациясына өттү. Министрлер кабинетинин төрагасынын тиешелүү токтому 24-июлда чыккан.


Буга байланыштуу Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Болотбек Тиллебаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев менен жолугуп, кайрадан түптөлүп жаткан “УТРК Ош” телерадиокомпаниясы жөнүндө айтып берди. Облус башчысы аймакта жүрүп жаткан иш аракеттерди, мамлекеттик иш чараларды өз деңгээлинде чагылдырууда “УТРК Оштун” мааниси чоң экенин билдирип, ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн айтты.


Расмий жолугушуудан соң башкы директор баштаган УТРКнын өкүлдөрү “Ынтымак” телерадио компаниясынын жамааты менен жолугушту. Башкы директор телерадио компания жайгашкан имараттын абалы, техникалык жабдылышы менен таанышып, аталган телерадио мекеме эми “УТРК-Ош” болуп кайрадан түзүлө турганын билдирди.


Башкы директор менен жолугушуу суроо-жооп ирээтинде уланып, кызматкерлер тарабынан маяна аз экендиги, иш шарттарынын начарлыгы айтылды. Өз кезегинде Башкы директор кайра уюштуруудан кийин эмгек акылар кайрадан каралып чыгаарын айтты. УТРКнын каржылык ресурстары менен техникалар жаңыланып, студиялар оңдоло турганын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасынын токтомуна ылайык, “Ынтымак” телеканалынын штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары УТРКга берилди. Учурда 45 штаттык бирдик бар.


Иш сапардын алкагында УТРКнын Ош облусундагы кабарчылык бөлүмүнүн абалы, кызматкерлер отурган имарат менен да таанышуу болду. Кабарчылык бөлүмдүн имараты менен бирге эле “УТРК-Ош” болуп жаңы түзүлгөн телеканалдын имараты жакынкы аралыкта оңдоп-түзөөдөн өтө турганы айтылды.


“УТРК Ош” башка облустардагыдай эле дубандын саясий, экономикалык, маданий, коомдук турмушун чагылдыруу максатында мындан ары Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын курамында иш алып барат.