Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Окуу борборунда “Телеберүүлөрдүн эфирдик торчосун түзүү ченемдери” аталышындагы тренинг өтүүдө. Ага УТРКнын жана анын тутумундагы облустук телеканалдардын эфирдик торчо менен иштеген кызматкерлери катышууда.
Тажрыйба алмашуу үчүн чет элдик адис да чакырылган. Телеберүүлөрдү программалоо боюнча Грузиядан келген эл аралык адис, ARCH студиянын жетекчиси Бека Исаев-Аварский тажрыйба, билими менен бөлүшүүдө. Ал буга чейин да УТРКда болуп, жаңы программаларды түзүүнүн ыкмалары менен тааныштырган. Бека Исаев-Аварскийдин эфирдик торчо түзүү боюнча окуу-тренингдери бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттердин телекомпанияларында ийгиликтүү колдонулуп келет.
Тренингдин жүрүшүндө телеберүүлөрдү пландоо, аны көрүүчүлөргө натыйжалуу жеткирүүнүн стратегиялары жана эфирдик торчону түзүү, азыркы шарттагы телеберүү жөнүндө маалымат берилип жатат.
Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Болотбек Тиллебаев, мурдагы облустук телеканалдар УТРКнын курамына киргенден кийин алардын эфиринен кетип жаткан берүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, көрүмдүү контент даярдоо, аны элге сунуштоодо бирдей тартиптеги эфирдик торчону түзүү маселеси жаралганын белгилеп, бүгүнкү окутуу иш чаралары ушул максатта уюштурулуп жатканын билдирди.
“Азыркы учурда телеканалдардын эфирдик торчосунун сапатына талап күчөп, жоопкерчилик артты. Алдыда өздүк өндүрүштөгү берүүлөрдүн санын көбөйтүп, көрүүчүлөргө лецензияланган контентти сунушташыбыз керек”,-деди Тиллебаев.
Белгилей кетсек, бул иш чара Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын алдындагы Окуу борборунун демилгеси менен уюштурулууда.