Жаңылыктар
Заманбап теле багытындагы кызматташуу башталды
УТРК жаңылыктары
Заманбап теле багытындагы кызматташуу башталды

Улуттук телерадиоберүү корпорациясына Германиянын жана Европанын алдыңкы телеканалдарынын адистери келди. Алар менен алгач Башкы директор Болотбек Тиллебаев жана УТРКнын техникалык кызматкерлери жолугушту. Анда декорация жана дизайн, эфирдик жасалгалоо, режиссер жана операторлор тобу менен тажрыйба алмашуу мерчемделгени айтылды.


Чет элден келген адистер УТРКнын эфирдик студияларын, жасалгалоо бөлүмдөрүн кыдырып чыгышты. Кызматкерлер менен баарлашып, эфирдик өндүрүш менен таанышты. Кызматкерлер менен контент түзүү боюнча маалыматтарын бөлүштү. “Студиялар кантип жасалгаланышы керек, жарык бүрүүдө эмнелерге көңүл буруу зарыл, операторлор кандай иштеши абзел, бул багытта заманбап теленин талаптары кандай?” деген маселенин айланасында тажрыйба алмашуу орун алды.


Белгилей кетсек, июнь айында Башкы директор Болотбек Тиллебаев Германияга болгон иш сапарында RTL телекомпаниясына барып, кызматташуу, тажрыйба алмашуу тууралуу макулдашкан. Бүгүнкү иш чара ошол макулдашууну ишке ашырууну утурлай болууда.


Аталган эл аралык медиа корпорациясы 1984-жылдан бери иштейт. Европанын бир катар мамлекеттеринде көрсөтөт жана чөлкөмдөгү көрүмдүү, креативдүү телеканалдардын сап башында турат. Негизги артыкчылыгы корпорация бир тармакка арналган бир нече телеканалды өзүнө камтыйт.