Жаңылыктар
УТРК коңшу өлкөлөрдүн продакшн-студиялары менен кызматташат
УТРК жаңылыктары
УТРК коңшу өлкөлөрдүн продакшн-студиялары менен кызматташат

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Болотбек Тиллебаев Өзбекстандан келген продакшн-студиянын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда кызматташуу, контент даярдоо маселеси талкууланды.

Өзбекстанда жеке продакшн-студиялар, киноиндустрия, сериал тартуу абдан өнүккөнү маалым. Кинорежиссёр Дилшоджон Ахмедов башында турган чыгармачыл топ Кыргызстанга “Азарт” сериалын тартууга байланыштуу атайын иш сапар менен келишкен. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, УТРКнын Башкы директору Болотбек Тиллебаев аталган сериалды кыргыз тилине которуп, кыргызстандык көрөрмандарга сунуштоо маселесин көтөрдү. Продакшн-студиянын өкүлдөрү тартуу иштери аяктаган соң, кыргызча үн коштоп, УТРКнын эфирине берүү ниетин билдиришти.

Ошондой эле Болотбек Тиллебаев кыргыз-өзбек досутугун, эки элдин биримдигин чыңдаган сериалдын сценарийин даярдоону сунуштады. Режиссёр, сценарист, актёрлордон турган чыгармачыл топ аталган демилгени колдоого алып, жакынкы аралыкта сценарийдин үстүнөн иштей тургандыктарын кубануу менен билдиришти.

Белгилей кетсек, Улуттук телерадиоберүү корпорациясы ата-мекендик продакшн-студиялар менен да тыгыз кызматташат. Башкы директор Болотбек Тиллебаев алар менен да жолугушуп, улуттук канал үчүн контент даярдоону талкуулаган.