УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев Чүй облустук телекомпаниясында болуп, эмгек жамаат менен жолугушту. Башкы директор эфирге берилип жаткан программалар боюнча пикирин билдирип, контентти жакшыртуу тапшырмаларын берди.
Бүгүнкү күнү телекомпанияда 30 кызматкер иштейт. Алар жалпы Чүй облусун маалымат менен камсыздап, түрдүү тематикадагы көрсөтүүлөрдү тартуулоо аракетин көрүшөт. Ошентсе да, айрым ийгиликтер менен айлык маянаны жакшыртуу боюнча өтүнүчтөр айтылды.
Б.Тиллебаев облустук телекомпаниялардын атайын эсептерин көбөйтүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты. Башкы директордун айтымында, Чүй өрөөнү башка аймактардан бизнестин жык жайгашканы менен артыкчылыктуу. Мындай шартта облустук телекомпания атайын эсебин көбөйтүп, кызматкерлерине сый акы бере алат.
“Айлык маянага кошумча каражат табуу жетекчиден уюштуруучулукту гана талап кылат. Демек, айлык маяна менен бирге материалдык-техникалык базаны чыңдоо сиздердин колуңуздарда. Мен жамааттын эркин иштөөсүнө толук шарттарды түзүп бердим”,-деди.
Эске салсак, 2022-жылы Кыргыз телерадиоберүү корпорациясы улуттук макамга ээ болуп, облустук телекомпаниялар УТРКнын курамына киргизилген. Башкы директор алардын иши менен жеринен таанышып, жамааттардын ой-пикирлерин угуп, ийгилиткүү иштөө боюнча талаптары менен бирге сунуштарын билдирип келе жатат.