Жаңылыктар
УТРК эл аралык кызматташууну жакшыртат
УТРК жаңылыктары
УТРК эл аралык кызматташууну жакшыртат

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Болотбек Тиллебаевдин Германияга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Анын алкагында Башкы директор Deutsche Welle (Немис толкуну) уюштурган Дүйнөлүк медиафорумга (Global Media Forum) катышты. 120 өлкөдөн келген эки миңден ашык медиа уюмдардын жетекчилери, өкүлдөрү катышкан иш чаранын алкагында алдыңкы телекомпаниялардын, медиа уюмдардын жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды өткөрдү.

Германияга болгон сапардын жүрүшүндө Deutsche Welle эл аралык медиа корпорациясынын жетекчилиги менен жолугушуу болду. Анын жыйынтыгында контент алмашуу, кадрларды окутуу маселеси чечилди. DW медиа уюмунун КМШ өлкөлөрү боюнча таркатуу бөлүмүнүн башчысы Борис Банчевский менен көрсөтүүлөрдү алмашуу, сапаттуу контент сунуштоо багытында макулдашуу орун алды. Ошондой эле DW академиясынын жетекчиси Лидия Ранерт менен кадрларды окутуу, адистерди жиберүү, тажрыйба алмашуу тууралуу сүйлөшүлдү.

Ошондой эле RTL (Radio Télévisioun Lëtzebuerg, Люксембург телерадиосу) эл аралык медиа корпорациясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул медиа уюм эл аралык деңгээлде иш жүргүзгөндүктөн, алар менен тажрыйба алмашуу маселеси мерчемделди. УТРКнын кызматкерлерин Германияга жиберип, ал жактын адистерин УТРКга алып келип, кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жөнүндө макулдашылды.

Аны менен бирге Азербайжандын телекомпаниясынын жетекчилиги менен да сүйлөшүү болду. Эки өлкөнүн телерадио мекемелери ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселе талкууланды.