Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Болотбек Тиллебаев жана ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Аны ишке ашуруунун алкагында тараптар тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду даярдоо багытында кызматташат.
УТРКнын Башкы директору Болотбек Тиллебаев түрк мамлекеттеринин телерадиоберүү мекемелеринин ассоциациясын түзүүнү, Түркиянын аймагында Улуттук каналдын кабарчылык бөлүмүн ачууну сунуштады. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда контент алмашуу, этникалык кыргыздарга, чет жерде эмгектенип, жашап, окуп жүргөн мекендештерге арналган долбоор даярдоо зарылчылыгын белгиледи. Аны менен катар теле жана радиодо иштеген техникалык адистерди кайра даярдоо, окутуу, тажрыйба алмашуу уюштурууну демилгеледи.
Өз кезегинде Түрксой Эл аралык уюмунун Башкы катчысы УТРК тарабынан айтылган сунуштарды, демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирди. Түрк мамлекеттери ортосундагы маалыматтык кызматташууну чыңдаган долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады. Бүгүн кол коюлган документти ишке ашыруу жакынкы аралыкта баштала турганына токтолду.
Белгилей кетсек, Түрксой Эл аралык уюму быйыл 30 жылдыгын белгилеп жатат. Бул мааракени өткөрүүдө Улуттук телерадиоберүү корпорациясы Эл аралык уюм менен маалыматтык колдоо багытында тыгыз кызматташмакчы.