Жаңылыктар
УТРКнын ири долбоору “Манас таануу” телетаймашынын жеңүүчүлөрү сыйланды
УТРК жаңылыктары
УТРКнын ири долбоору “Манас таануу” телетаймашынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Улуттук телерадиоберүү корпорациясында “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын 12-айлампасынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Иш чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, УТРКнын Башкы директору Болотбек Тиллебаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу жана манасчылар, мектеп окуучулары, мугалимдер, ата-энелер катышты.

“Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашы мектеп окуучулары арасында жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери-бала бакчалардын тарбиялануучулары арасында уюштурулуп келет. Анын ичинде окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер бар. Телетаймаш республикалык деңгээлде өтөт. Бул ирээт жыл жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр байгелерин алышты. Окуучуларга, бала бакча тарбиялануучуларына жана аларды даярдаган мугалимдерине смарт-сыналгылар, ноутбуктар, уюлдук телефондор, муздаткычтар жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.

“Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашы он жылдан ашык убакыттан бери УТРКнын эфирине чыгып келет. Келечек муунга “Манас” эпосун таанытуу, жайылтуу жана улуттук идеологияны жеткирүүгө арналган негизги долбоорлордун бири.

Белгилей кетсек, телетаймаш Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жана “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында Улуттук “Манас” театры менен биргеликте уюштурулду.