Жаңылыктар
Эгемендүүлүккө — 32 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Эгемендүүлүккө — 32 жыл

Кыргыз Республикасы көз карандысыз өлкө макамына ээ болгонуна 32 жыл болду. Эгемендүүлүк майрамы быйыл Ош шаарында белгиленүүдө. Көз карандысыздык майрамын салтанаттуу майрамдоо ири маданий иш-чаралар менен коштолууда. Программага ылайык, расмий иш-чаралар "Сулайман Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексинин алдына Кыргыз Республикасынын Туусунун желек сабынорнотуу менен башталат. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөйт. Ушул эле күнү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун эстелиги расмий ачылат. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында "Ош достуктун шаары" деген аталышта маданий иш-чаралар, "Алтын Туурум - Ата-Журтум" жана башка республикалык маданий кароо сынактар өтөт. Күндүн жарымында айтыш, көргөзмө -жарманкелер, улуттук спорттук оюндар өтөт. Шаардын борбордук аянтына негизги иш-чаралар өтөт. Кечкисин гала-концерт уюштурулат. Иш-чаралар УТРК, Алатоо24, УТРК спорт каналдарында түз эфирде көрсөтлөт.