Жаңылыктар
Мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу төмөнкү жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

I даражадагы Манас ордени менен Абдыганы Эркебаев, Сабырбек Жумабеков, Садык Шер-Нияз сыйланган. Мындан тышкары, өзгөчө сыйга татыгандардын арасында акын, жазуучу Асан Жакшылыков, альпинист Эдуард Кубатов, Гапыр Мадаминов, Меңди Мамазаирова, Султан Раев, Нелли Ахунбаева жана бир катар эмгеги сиңген мекендештер бар.