Жаңылыктар
Салык органдары 31-августта кадимки режимде иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
Салык органдары 31-августта кадимки режимде иштейт

Салык органдарынын кызматкерлери 31-августта кадимки режимде иштешет. Андыктан, салык төлөөчүлөр ушул күнү мүлк салыгынын суммасын эсептөө боюнча консультация ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эске салат. 

Белгилей кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак үйлөргө, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо жай жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт. 

Салыктарды каалаган банктын кассасынан, почта бөлүмүнөн, төлөм жана POS-терминалдардан, мобилдик жана Интернет-банкинг аркылуу, ошондой эле төлөм карталарын жана башка перифериялык түзүлүштөрдү колдонуу менен төлөөгө болот.