Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Болотбек Тиллебаевдин 31-август Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу:
Урматтуу мекендештер!
Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан жалпыңыздарды 31-август Эгемендүүлүк майрамы менен чын дилден куттуктайм.
Бул майрам элибиздин энчисине бүткөн эң улуу күндөрдүн бири. Дал ушул күнү дүйнөнүн саясий картасында Кыргыз Республикасы деген көз карандысыз мамлекет пайда болгон. Андан бери арадан 32 жыл өттү. Бул убакыт аралыгында эгемен республика калыптанды. Азыр өнүгүү жолунда бара жатат. Көз карандысыз өлкөнүн жараны катары бул ар бирибиз үчүн бакыт жана жоопкерчилик.
Көз карандысыз республика менен катарлаш эле Улуттук телерадиоберүү корпорациясы дагы калыптануу жолунда. Жаш мамлекеттин кубанычын, желеги желбиреген сыймыктуу күндөрүн дал ушул биздин мекеме калың элдин катмарына жеткирип турду. Бул вазыйпаны УТРК азыр да татыктуу улантуу жолунда.
Урматтуу көрөрмандар, кымбатуу угармандар!
Көз карандысыздыктын баасын, баркын сезе билүү, аны чыңдоо, бекемдөө ар бирибиздин атуулдук парзыбыз. Улуттук телерадиоберүү корпорациясы бул күндүн маани-маңызын келечек муунга жеткирүүдөгү ыйык милдетин мындан ары да улантмакчы. Эгемендик элибиздин эң чоң жеңиши экенин ар бирибиз туюп, аны бекемдөөгө салым кошолу.
Туубуз бийикте желбиреп, өлкөбүз өнүгө берсин. Жалпыңыздарга бекем ден соолук, мамлекетибизге ачык асман каалайм.
Эгемендүүлүк майрамыңыздар менен!