Жаңылыктар
Өкмөттүн жаңы курамына кимдер келет?
Саясат
Өкмөттүн жаңы курамына кимдер келет?

Парламентте түзүлгөн көпчүлүк коалициясы Өкмөт башчылыкка Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштады. Ал арада  Аткаруу бийлигинин курамы  өзгөрө тургандыгы , атүгүл алардын ысымдары  да  маалымат  булактарына  жарыяланып жатат.  

Жогорку Кеңештеги башкаруучу альянстын  жетекчиси  Иса Өмуркуловдун  баамында, Өкмөттүн  үчтөн  бири  өзгөрүшү ыктымал.  Ошол эле учурда  талдоочулар  министрлер кабинетинде андай деле  орун алмаштыруулар болбойт дешүүдө. 

Эске салсак, Парламенттик көпчулүк коалициясы өткөн аптада куралып, анын жетекчилигине Иса Өмуркулов шайланды.  

Оппозицияда   «Республика – Ата Журт», «Өнугуу-Прогресс»  жана  «Ата Мекен» калды. Эми бул 3 фракцияга   бюджет, финансы  ошондой эле  укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетине кимиси башчылык кыларын аныкташы керек болот.  

Буга чейин  бул  эки комитетти «Бир Бол» фракциясынын  депутаттары  жетектеген.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"