Жаңылыктар
“Төлөйкөн” ат майданындагы жаңжал: 25 адам кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
“Төлөйкөн” ат майданындагы жаңжал: 25 адам кармалды

Ошто "Төлөйкөн" ат майданында көк бөрү оюну учурунда катталган бейбаштык фактысын милиция териштире баштады. Жаңжалга байланыштуу 25 адам облустук милицияда сурак берип жатат. 

Ички иштер министрлиги бул чырдан улам социалдык тармактарда аймактар аралык кастыкты козуткан билдирүүлөр жарыяланып жатканын, аны тараткандар мыйзамга ылайык жазаланарын эскертет.